Кайрымдуулук концерти

  1. Токтоян айылында кайрымдуулук концерти болуп өттү.Ысык-Көл облусундагы региондорго кайрымдуулук концерти анын ичинде Токтоянда да болуп өттү.Концерттин негизи максаты дартка чалдыккан Айнагүл жана Айжамал аттуу жердештерге жардам көрсөтүү болчу.Айыл тургундары жакшы катышып берише алышты .

Уюуштуруучулардын бири Ырысбек Идирисович төмөндөгүчө маалымат берип өттү.

«Биз фонд эмеспиз биз кайрымдуулук жааматыбыз .Чогулган акча толугу менен даарылоого кетерин билдирип өттү. Даарылоо чет мамлекетинде болоорун билдирип өттү. Концертти коштоп келген белгилүү ырчы айымдар келгенин жана аларга терең ыраазычылык билдирип өттү.Керектелген каражат марафон аркылуу да чогулттук .Айыл тургундары жакшы кабыл алышты. Токтоян айылына 300билет чыгарганбыз 20билет кана калды .Айнагүл жана Айжамал атту жараандарыбыз Түп жергесинен болгондуктан Түптөн баштоону чечип Токтоян үчүнчү айыл болуп концерт коюп келдик.

Талас жергесиндеги Алтын Казык соода борбору өнөктөшүбүз болуп эсептелет.

Азыркы максатыбыз жараандарыбызды айыктырууга жардам көргөзүү. Айжамал жана Айнагүл эжебиздин дарты тууралу айта кетсек адам баласынын боору 100%болсо алардыкы 10%бөлүгү кана иштөөдө болгондуктан операцияга  31.000$ керектелет деп билдирип өттү»-, Ырысбек Идирисович.

 

Курман айтка карата өткөрүлгөн кайрымдуулук иши.

 

Түп районуна карашту Токтоян айылынды бүгүнкү күндө «Боорукер бол»кайрымдуулук фондусунун алкагында кой эти менен айыл тургундары камсыздалды .Ысык-Көл облусуна караштуу Каракол шаарында 11-август күнү 200 гө жакын кой курмандыкка чалынып » Боорукер бол»фондусу аркылуу региондорго аз камыз жана көп балалуу болгон үй бүлөөлөргө бүгүнкү күндө жеткирилди. Чогулган айыл тургундарыны ыраазы болуп жатышты жана ыраазычылыктарын биз аркылуу билгизип өтүшүштү .

«Боорукер бол»фондунун жетекчиси Зумдунов Тыныбек бизге төмөндөгүчө маалымат берип өттү.

«Катар мамлекети аркылуу түзүлгөн  кайрымдуулук фонду ар бир мамлекеттерде бар,анын ичинде Кыргызстанда дагы бар .Негизинен жалпы мусулмандар колунда бар мусулмандар карапайым калкка жардам беруусу бул парз демекчи.Алар жардам беруу ирээтинде фондорду ачып коюшкан .»Курман айт » мусулмандар учун ыйык кун ошого карата кече куну 200кой текшеруудон отуп алардын ар бири оорулуу эместигин жана ар бир мучосу толук экенин аныктап ,курмандыкка чалып ,аз камсыз уй булоолорго 5 кг дан эт 800 баштыкчага 800 уй-булоого таратылды «-деп билдирди Зумдунов Тыныбек.

Айыл тургуну Усенбаева Салтанат дагы өз оюн билдирип өттү .

«Катар мемлекеттине ыраазчылыгымды билдирем,Карапайым калкка жардам берип ,колун сунуп жатышат .Буга чейин «Боорукер бол»фонду көптөгөн иш чараларды өткөрүшкөн, алардын даагы силердин даагы иштеринерге ийгилик каалап кетмекчимин»-деди Усенбаева .

Андан сырткары дагы кийилбеген  же болбосо чак келбеген кийим-кечелерин алып келишип,муктаж болгону алып ,колунда бары салым кошуп калгандары жетимдер үйүнө жиберилди.

 

Даярдагандар:Нуриса Максат кызы,Гульнура Карабаева

Токтоян айылына тигүүчү машина алынып келинип, цех ачылды.

 «Боорукер бол»фондунун жетекчиси Зундунов Тыныбек Цех тууралу маалымат берип өттү

«Боорукер бол» фондунун ачылганына бир жарым жыл болуп калды,ошонун эсебинен цех ачылууда .Азыркы учурда 4 тигүүчү машина бар,материалдарды каракол шаарынан алынып келинип тигилип жатат ар кандай кийимдер тигилет мисалга алсак;Мектеп формалары,жеӊил кийимдер,жана спорттук кийимдер тигилип каракол шарына апарып өткөрөбүз.азырынча спонсорлор жок,»Боорукер бол» фондунун эсебининен ачылып жатат .Негизги максатыбыз үйдө отурган кыз-келиндерди жумуш менен камсыз кылып ,айылды өнүктүрүү.

Негизги максатыбыз региондорду өнүктүрүү жана элди жакырчылыктан чыгаруу болуп саналат.Биз айыл турундага окуу жагынан дагы цехте иштөө үчүн билм керек болгондуктан атайын 1 айлык окууларга жөнөтүп сертификаттар берилет .Айыл тргундарын жумуш менен камсыздап ,жакшы айлык акы төлөп берүүгө макулбуз .Эми жакынкы арада 20 тигүүчү машина жана 10 кыз келиндер окуудан сертификаттар менен кайтып келишип жумуш менен камсыз болушат »-,деп билдирди Зундунов Тыныбек.

Сары-Тологой айылындагы таза суу маселеси.

Сары Тологой айылындагы А.Жанкорозов көчөсүндө суу чыкпайт, ал эми Сары Тологой айылынын башка көчөлөрүндөгү айыл тургундары таза суу менен камсыз.ушул көчөгө суу чыгарып берүү маселеси менен Токтоян айылындагы «Жароокер бол» фондунун директору Хамид  Тыналиевке Сары-Тологой айылынын айыл башчысы Руслан  Абдыкеримов кайрылган.

Тыналиев Хамиддин айтуусунда жаӊы ачылган «Жароокер бол» фонддунун алгачкы иш сапары деп билдирип өттү.

«Сары Тологой айылынын А.Жанкорозов көчөсүнө суу чыгаруу боюнча буга чейин кайрылуулар болгон , Айыл жарым жартылай 2006-жылы камсыз болгон быйыл фонд аркылуу айыл толук таза суу менен камсыз болоору күтүлүүдө Айыл тургундары жана фонддун жетекчилери  менен бирге  таза суу менен толук камсыздоо проектин чийүү иштери башталды» деп билдирди Сары-Тологой айылынын  СОПП нын төрагасы Илипбаев Эдил

А.Жанкорозов көчөсүнүн тургуну өз ою менен бөлүштү

«Бошкоев көчөсүндөгү негизги трубадан Жанкорозов көчөсүнө бутакча кылып суу чыгарылган  суунун көлөмү аз болгондуктан  суу чыкпай  калган.Салынган калонкалар жарактан чыгып , калонканын жанындагы люктарынан  суу алууга аргасыз болушкан. Ал эми азыркы учурда А.Жанкорозов көчөсүнө өзүнчө проект жазылаары белгилүү болду» деп билдирди Тинатин Өмүркулова.

Токтоян айылында экинчи ирээт фонд ачылды «Жароокер бол»

«Жароокер бол»фондунун жетекчиси Тыналиев Хамид менен болгон маек.

«Буга чейинки ачылган «Боорукер бол»фондду ачылган , 1 жыл элге жардам берип фонд элге ,мекенге кызмат кылып, аз кандуу уй булолорго ошону менен бирге ата энеси жок балдарга кол сунса боло экен .Ошол себептен экинчи ирет «Жароокер бол» фондун ачып жатабыз.фондду ачып иштегенибизге 1 ай болуп калды облус ичиндеги региондорго барып абалын билип эн биринчи суу маселесин чечууну баштадык азыркы учурда Сары-Тологой айылындагы суу маселеси менен журобуз.Адан сырткары региондорго мектеп,бала бакча,мечит,фап ачууга иш алып барып атканбыз .колубуздан келерин билип кошумча кылып «Жароокер бол» фонддун ачып иштеп жатабыз.Алдыдагы пландарыбыз чоӊ.

 

Бул фонддун максатты:Жалпы элибиздин  экономикабызды көтөрүү жана жеке адамдан баштап коомдук жайларга чейин көтөрүп чыгыш деги эле баардык жактан көтөрүп чыгуу.»Боорукер бол»  фондун ачып алып анын жыйынтыгын көрүп кубанып экинчи ирет ачып жатабыз .

Биздин жетекчибиз жок өзүбүз бул ишти алып барып ,жалпы элдин акыбалын билип жалпы коомдук тендецияны билип кем-карыштарын билип кардарларга көпүрө болуп берип жатабыз,

Биз кардарларга көпүрө болуп берип,аларга материалдык жактан болобу баардык жактан маалымат белебиз.»Жароокер бол» фонд Кувейт мамлекети менен бирге иш алып барабыз .Биздин башкы максатыбыз айыл,региондорду өнүктүрүү болуп саналат»,- деп билдирди Тыналиев Хамид.

Даярдаган:Осмонова Мырзагул

Токтоян айылынын жол маселеси.

 

Ысык –көл облусу Түп районуна караштуу Токтоян айылынын жолуна асвальт төшөлүүдө,жол түздөлүп кум ,шагыл төгүлүп оӊдоо иштери башталган, Азыркы учурда айыл ичиндеги жолдордо жарактан чыккан суу түтүктөрү болгондуктан суу түтүктөрү асвальт сметанасына кирбей калган,ошол себеп менен иш бир канча убакытка токтолууда Карасаев айыл өкмөтүнүн башчысы Курманбек Кайыков Жазыбаевич бул маселени чечүүгө жардам берди, азыркы учурда суу түтүктөрүү оӊдолууда, оӊдолуп бүткөн соӊ жолду асвальтоо иши уланат.

 

 

 

№4 жол оӊдоо мекемесинин башкы инженери Иманакунов Нарынбек Аскарбековичтен төмөндөгүчө маалымат ала алдык.

 

«Токтоян айылында азыркы учурда асвальттын бетон катмарын түзөө жана андан сырткары  эки суу түтүкчөлөрүн оӊдоо иштери жүрүүдө. Негизинде жол Кыргыз Республикасынын Бюджетинен салынууда жана бул жол айылды өнүктүрүү фонду тарабынан каралып салынып жатат айыл ичине 2 чакырым жол салынууда » деп билдирди Иманакунов Нарынбек Аскарбекович.

 

Айыл тургуну Аскер карыянын айтымында «жолду оӊдотуп берүү боюнча министирликке бир нече карылууларды жасаганбыз. Быйыл айыл ичинде 2чакырым жолду оӊдоо иши башталды.Жол жасалса жакшы жактарынын бири айыл ичи чаӊдабайт» деп билдирип өттү.

Даярдаган: Осмонова Мырзагул

Каркыра жайлоосу:Уркаш Мамбеталиев 85 жыл,Саякбай Каралаев 125жыл,Боромбай Менмурат уулу 240жыл. Фото баян

 

Даярдаган :Осмонова Мырзагул

Редактор:Максат кызы Нуриса

Айыл тургуну бал челек кармоо жана жасоо менен алектенет.

 

Долон айылынын тургуну Исаков Нурмат бал челек кармап эмгектенет.Биз барган учурда бал тартууга даярданып жаткан экен. Бизге кубануу менен кандай жол менен бал алынаары жана аарылар тууралуу кызыктуу, керектүү маалыматтарды айтып  ошону менен бирге көргөзүп да  бере алды .Аны менен бирге керетүү куралдарды алып жана коопсуз кийимин кийип бал аарыларын жана аны иш жүзүндө көрө алдык.

 

Бал челекчи Исаков Нурматтын айтымында:

«Аарылар өтө сезгич жана алардын мүнөзү аба ырайынан көз каранды болот ошону менен бирге зыян келтирбеген адамга эч качан аары биринчи (чагып)зыян келтирбейт.Аарылар өтө тактыкты ,жана адам баласы тарабынан дайыма көзөмөлдөөнү талап кылат,өзүнүн убагы менен аарыларга зыян келтирбей балын алып , кайра аларга ыӊгайлуу шарттарды түзүп беребиз.

Эӊ кызыктуусу аарылар ызылдап тезден учуп башташса биз алар аркылуу аба ырай бузулаарын (жаан жаарын же,катуу шамаал болорун )билебиз. Эч качан аарылар бири бирине кол салып же болбосо биринин челегине бири кире албай .Аларда дагы аарылар кирүүчү тешикчесинде кароолчулар турат алар башка челектеги аарыларды эч качан киргизбей ,эгер кирип кете турган болсо (өлүмгө дуушар болот).Андан сырткары алар кара түстү көп жактыра беришпегендиги таӊдандырат.Ошол себептен биздин кийимдерибиз ак түстө.

Азыркы учурда балдарды жыйнап алууга даярдыктарды коруп жатабыз.Баардык керектуу жабдуулар керектуу буюмдарыбыз жана бал сактоочу жайларыбыз дагы  бар.

Жылына эки жакшы болсо уч жолу бал алабыз .Балды  бир канча тонна менен алабыз.Азыр 38челек иштеп алардан бал алабыз калган челектер даярдалып жатат»-деди

 

Исаков Нурмат жеке бал челекти иштетип кана эмес бал челектерин дагы жасап  жана аларды кардарларга сатуу менен дагы эмгектенет.

«Ооба мен бал челектерин дагы озум жасайм .Башында озум учун жасасам азыр кардарларым бар аларга сапаттуу жасап озумо киреше таба алам»-деп билдирди Исаков Нурмат.

Биз Исаков Нурматка даагы кандай кесип менен алектенесиз деп суроо узатканыбызда ал бизге мал чарбачылык менен анын ичинен канатууларды багуу менен алектенерин айтты .Бул ага бал кароодон жана бал челектерин жасоодон ашкан убактысын текке кетирбоо максатында алектенерин айтты.

«Быйыл 80 кааз жана 50 жожо багуудабыз ,быйыл озумду сыноо ирээтинде багып жатам убактым жетет экен эми кийинки жылдары сандарын остурууго аракет кылабыз «-деп билдирди Исаков Нурмат.

 Даярдаган:Осмонова Мырзагул

Редактор:Максат кызы Нуриса

Токтоян айылындагы таштанды маселеси.

Токтоян айылында таштанды маселеси күч алды ,ага себепчи айыл тургундары болуп эсептелет.Өткөн жылдары айыл четине таштанды төгүү үчүн яма казылган бирок ,айыл четинде жашаган тургундардын айтуусунда таштандылардагы целофандар жана желим бөтөлкөлөр учуп келерин айтышууда . Бул жеке эле айылдын тазалыгны гана эмес, жаш балдардын жана бүткүл айыл тургундарынын ден соолугуна терс таасирин тийгизүүдө

Токтоян айылынын тургуну   Жайсанбаева Айнек  өз оюу менен төмөндөгүчө бөлүштү .

 

“Таштандыларды яма казуу жана ошол жака төгүү тууралуу ошону менен бирге резина,целофандарды отко жакпоо тууралуу түшүндүрүу иштери мектептеги жаш өспүрүмдөр эко клуб тарабынан түшундүрүлгөн.  Айыл тургундары түшүнүү менен дагы ошону менен бирге кайдыгерлик мамиле кылышууда .Таштанды төгүлүүчү яма биздин үйүбүздүн жанында болгондуктан бизге таасири көбүрөөк тийип жатат”- деп билдирди Жайсанбаева  Айнек апа

Мектеп окуучулар арасында Жаратылышты коргоо максатында Эко-клуб ачылган .Эко-клубтун негизги максаты тазалыкты жана айлана чөйрөнү сактоо жана коргоо болуп эсептелет .Бул тууралуу мектеп окуучусу Карыбаева Ариана маалымат берип өттү.

“ Эко-клуб Тамчы – 6-класстын окуучулар тарабынан ачылган .Эко-клубтун жетекчиси Мукамбетова Элмира Бекмурзаевна. «Тамчы» деп атаганыбыздын себеби тамчыдан көл куралат дегендей эле биргелешип айылыбыздын тазалыгын сактоо жаш өспүрүмдөрдүн жана ошондой эле баардык айыл тургундарынын милдети болуп саналат .  «Тамчы»эко-клуб апрель айында ачылган ,ошондон тартып айыл тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүп ,таштанды ар кайсы жерге төгүлгөндөрдү көрүп кичи тазалоо иштери жүргузүлгөн.Азыркы учурда таштанды төгүлүүчү яма айылдан алысыраак же кандайдыр бир башка жол менен таштандылардан арылсак деген көйгөйдү алып чыгып жатабыз. Алдыда жалпы айыл тургундарын чоң ишембиликке чакырып тазалоо иштерин жүргүзсөк дейбиз”- деп билдирди Карыбаева Ариана

Даярдагандар : Осмонова Мырзагул,Суйундукова Айзирек

Редактор ;Максат кызы Нуриса

 

“Боорукер бол” кайрымдуулук  фонддуна Катар мамлекетинен жардам.

 

 

“Боорукер бол”кайрымдуулук фондуна Катар мамлекетинен  3 айылга (Токтоян Чоң-Тогузбай, Тасма ) айылдарынын элдерине жардам катары 50 жууркан берилди .

«Боорукер бол» кайрымдуулук фондунун жетекчиси Тыналиев Хамид Асанович төмөндөгүчө малымат берип өттү.

 

«Мен  «Боорукер бол «фондунун жетекчиси Зумдунов Тыныбектин мугалими болом. Фонддун ачылышында мени менен кенешип биргеликте тузгонбуз.Башталышында тийешелуу документтер даярдоо мумкун болгондуктан фондду биргелешип ачууга макулдугумду бердим. «Боорукер бол «деп фондду атаганыбыздын себеби :Адамзатка акыл берилип,  Боорукер болуу учун жараткан.Ошол себептен ушул туура болот деп атап калдык .Иштин башталышы ото оор болду деп айта алам ,көп жерлерге бардык майнап чыккан жана чыкпаган жерлерге дагы барып убактыбыз текке кеткен учурлар дагы кездешти . Ачылганына 1 жылд болду ушул жылда 1 млн дон ашык элге киреше алып келгенге себепчи болдук.Биз кайсыл жерде көйгөй болсо ошол жака барып эл менен аралашып ар бирин карап чыгып ,коомдук жайларды ,сациалдык курулуштарды ,суу түтүктөрун ,таза суу боюнча областык територия боюнча көптөгөн иштерди алып барып өткөрүп келдик. Элибизге алып келген материалды реалдуу турдө таратып берүүгө аракет кылып жатабыз.Азырынча айылдык аймак менен иштеп жатабыз.Акчалай элге жардам берүү учун  кыргыз мамлекеттик  банктары менен иштөө мүмкүн эместиги жана Казакстан аркылуу алуу керектиги маселеси жана электрондук байланыш тузуу жана коптогон мамлекеттер менен байцланышабыз деген перспективабыз бар . Биздин устатта «Кызыл Ай Коому»,»Катар мамлекети кайрымдуулук фондду»  “Таза Суу” , “ФАП -8”,”Бала бакча -8”,”Мечит -1 “,”Мектеп -1 “ .Булар 13 айыл өкмөтүнө  көрсөтүлчү жардам .Ак-Суу ,Жети-Өгүз жана Түп райондоруна кирет .Бул проектер өттү эми иш жүзүнө ашырыла баштайт.

Жалпы социалдык,коомдук чойролордон дагы муктаждыктар болсо ыраату ишке ашышына умут кылабыз жана аракеттенебиз.Биздин келишимдин азырынча чеги жок .Болушунча элге жардам берууго аракеттенебиз»-деп билдирди Хамид Асанович Тыналиев .

 

Даярдаган:Нурланов Канат.