Токтоян айылында таштанды маселеси күч алды ,ага себепчи айыл тургундары болуп эсептелет.Өткөн жылдары айыл четине таштанды төгүү үчүн яма казылган бирок ,айыл четинде жашаган тургундардын айтуусунда таштандылардагы целофандар жана желим бөтөлкөлөр учуп келерин айтышууда . Бул жеке эле айылдын тазалыгны гана эмес, жаш балдардын жана бүткүл айыл тургундарынын ден соолугуна терс таасирин тийгизүүдө
Токтоян айылынын тургуну Жайсанбаева Айнек өз оюу менен төмөндөгүчө бөлүштү .
“Таштандыларды яма казуу жана ошол жака төгүү тууралуу ошону менен бирге резина,целофандарды отко жакпоо тууралуу түшүндүрүу иштери мектептеги жаш өспүрүмдөр эко клуб тарабынан түшундүрүлгөн. Айыл тургундары түшүнүү менен дагы ошону менен бирге кайдыгерлик мамиле кылышууда .Таштанды төгүлүүчү яма биздин үйүбүздүн жанында болгондуктан бизге таасири көбүрөөк тийип жатат”- деп билдирди Жайсанбаева Айнек апа
Мектеп окуучулар арасында Жаратылышты коргоо максатында Эко-клуб ачылган .Эко-клубтун негизги максаты тазалыкты жана айлана чөйрөнү сактоо жана коргоо болуп эсептелет .Бул тууралуу мектеп окуучусу Карыбаева Ариана маалымат берип өттү.
“ Эко-клуб Тамчы – 6-класстын окуучулар тарабынан ачылган .Эко-клубтун жетекчиси Мукамбетова Элмира Бекмурзаевна. «Тамчы» деп атаганыбыздын себеби тамчыдан көл куралат дегендей эле биргелешип айылыбыздын тазалыгын сактоо жаш өспүрүмдөрдүн жана ошондой эле баардык айыл тургундарынын милдети болуп саналат . «Тамчы»эко-клуб апрель айында ачылган ,ошондон тартып айыл тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүп ,таштанды ар кайсы жерге төгүлгөндөрдү көрүп кичи тазалоо иштери жүргузүлгөн.Азыркы учурда таштанды төгүлүүчү яма айылдан алысыраак же кандайдыр бир башка жол менен таштандылардан арылсак деген көйгөйдү алып чыгып жатабыз. Алдыда жалпы айыл тургундарын чоң ишембиликке чакырып тазалоо иштерин жүргүзсөк дейбиз”- деп билдирди Карыбаева Ариана
Даярдагандар : Осмонова Мырзагул,Суйундукова Айзирек
Редактор ;Максат кызы Нуриса