Айыл тургуну бал челек кармоо жана жасоо менен алектенет.

 

Долон айылынын тургуну Исаков Нурмат бал челек кармап эмгектенет.Биз барган учурда бал тартууга даярданып жаткан экен. Бизге кубануу менен кандай жол менен бал алынаары жана аарылар тууралуу кызыктуу, керектүү маалыматтарды айтып  ошону менен бирге көргөзүп да  бере алды .Аны менен бирге керетүү куралдарды алып жана коопсуз кийимин кийип бал аарыларын жана аны иш жүзүндө көрө алдык.

 

Бал челекчи Исаков Нурматтын айтымында:

«Аарылар өтө сезгич жана алардын мүнөзү аба ырайынан көз каранды болот ошону менен бирге зыян келтирбеген адамга эч качан аары биринчи (чагып)зыян келтирбейт.Аарылар өтө тактыкты ,жана адам баласы тарабынан дайыма көзөмөлдөөнү талап кылат,өзүнүн убагы менен аарыларга зыян келтирбей балын алып , кайра аларга ыӊгайлуу шарттарды түзүп беребиз.

Эӊ кызыктуусу аарылар ызылдап тезден учуп башташса биз алар аркылуу аба ырай бузулаарын (жаан жаарын же,катуу шамаал болорун )билебиз. Эч качан аарылар бири бирине кол салып же болбосо биринин челегине бири кире албай .Аларда дагы аарылар кирүүчү тешикчесинде кароолчулар турат алар башка челектеги аарыларды эч качан киргизбей ,эгер кирип кете турган болсо (өлүмгө дуушар болот).Андан сырткары алар кара түстү көп жактыра беришпегендиги таӊдандырат.Ошол себептен биздин кийимдерибиз ак түстө.

Азыркы учурда балдарды жыйнап алууга даярдыктарды коруп жатабыз.Баардык керектуу жабдуулар керектуу буюмдарыбыз жана бал сактоочу жайларыбыз дагы  бар.

Жылына эки жакшы болсо уч жолу бал алабыз .Балды  бир канча тонна менен алабыз.Азыр 38челек иштеп алардан бал алабыз калган челектер даярдалып жатат»-деди

 

Исаков Нурмат жеке бал челекти иштетип кана эмес бал челектерин дагы жасап  жана аларды кардарларга сатуу менен дагы эмгектенет.

«Ооба мен бал челектерин дагы озум жасайм .Башында озум учун жасасам азыр кардарларым бар аларга сапаттуу жасап озумо киреше таба алам»-деп билдирди Исаков Нурмат.

Биз Исаков Нурматка даагы кандай кесип менен алектенесиз деп суроо узатканыбызда ал бизге мал чарбачылык менен анын ичинен канатууларды багуу менен алектенерин айтты .Бул ага бал кароодон жана бал челектерин жасоодон ашкан убактысын текке кетирбоо максатында алектенерин айтты.

«Быйыл 80 кааз жана 50 жожо багуудабыз ,быйыл озумду сыноо ирээтинде багып жатам убактым жетет экен эми кийинки жылдары сандарын остурууго аракет кылабыз «-деп билдирди Исаков Нурмат.

 Даярдаган:Осмонова Мырзагул

Редактор:Максат кызы Нуриса

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *