Ысык –көл облусу Түп районуна караштуу Токтоян айылынын жолуна асвальт төшөлүүдө,жол түздөлүп кум ,шагыл төгүлүп оӊдоо иштери башталган, Азыркы учурда айыл ичиндеги жолдордо жарактан чыккан суу түтүктөрү болгондуктан суу түтүктөрү асвальт сметанасына кирбей калган,ошол себеп менен иш бир канча убакытка токтолууда Карасаев айыл өкмөтүнүн башчысы Курманбек Кайыков Жазыбаевич бул маселени чечүүгө жардам берди, азыркы учурда суу түтүктөрүү оӊдолууда, оӊдолуп бүткөн соӊ жолду асвальтоо иши уланат.
№4 жол оӊдоо мекемесинин башкы инженери Иманакунов Нарынбек Аскарбековичтен төмөндөгүчө маалымат ала алдык.
«Токтоян айылында азыркы учурда асвальттын бетон катмарын түзөө жана андан сырткары эки суу түтүкчөлөрүн оӊдоо иштери жүрүүдө. Негизинде жол Кыргыз Республикасынын Бюджетинен салынууда жана бул жол айылды өнүктүрүү фонду тарабынан каралып салынып жатат айыл ичине 2 чакырым жол салынууда » деп билдирди Иманакунов Нарынбек Аскарбекович.
Айыл тургуну Аскер карыянын айтымында «жолду оӊдотуп берүү боюнча министирликке бир нече карылууларды жасаганбыз. Быйыл айыл ичинде 2чакырым жолду оӊдоо иши башталды.Жол жасалса жакшы жактарынын бири айыл ичи чаӊдабайт» деп билдирип өттү.
Даярдаган: Осмонова Мырзагул