Сары-Тологой айылындагы таза суу маселеси.

Сары Тологой айылындагы А.Жанкорозов көчөсүндө суу чыкпайт, ал эми Сары Тологой айылынын башка көчөлөрүндөгү айыл тургундары таза суу менен камсыз.ушул көчөгө суу чыгарып берүү маселеси менен Токтоян айылындагы «Жароокер бол» фондунун директору Хамид  Тыналиевке Сары-Тологой айылынын айыл башчысы Руслан  Абдыкеримов кайрылган.

Тыналиев Хамиддин айтуусунда жаӊы ачылган «Жароокер бол» фонддунун алгачкы иш сапары деп билдирип өттү.

«Сары Тологой айылынын А.Жанкорозов көчөсүнө суу чыгаруу боюнча буга чейин кайрылуулар болгон , Айыл жарым жартылай 2006-жылы камсыз болгон быйыл фонд аркылуу айыл толук таза суу менен камсыз болоору күтүлүүдө Айыл тургундары жана фонддун жетекчилери  менен бирге  таза суу менен толук камсыздоо проектин чийүү иштери башталды» деп билдирди Сары-Тологой айылынын  СОПП нын төрагасы Илипбаев Эдил

А.Жанкорозов көчөсүнүн тургуну өз ою менен бөлүштү

«Бошкоев көчөсүндөгү негизги трубадан Жанкорозов көчөсүнө бутакча кылып суу чыгарылган  суунун көлөмү аз болгондуктан  суу чыкпай  калган.Салынган калонкалар жарактан чыгып , калонканын жанындагы люктарынан  суу алууга аргасыз болушкан. Ал эми азыркы учурда А.Жанкорозов көчөсүнө өзүнчө проект жазылаары белгилүү болду» деп билдирди Тинатин Өмүркулова.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *