Тарых жана маданият жылына карата аймактардам атайын сүрөт багыытындагы конкурс уюштурулуп жатат.Бул конкурстун максаты ата-бабалардын калтырган мурасын жана салт-санаасын кагаз бетине түшүрүү.
Сүрөт сабагынын мугалими Намыс Эгембердиев конкурс боюнча төмөндөгүлөрдү баяндады:
“Бул конкурс жалпы эл агартуу жана билим берүү министрлиги тарабынан тапшырма берилген.Быйыл тарых жана маданият жылы деп Алмазбек Атамбаев белгилеген үчүн маданиятка жана тарыхка ылайыктуу сүрөттөр тартылып жатат. Конкурска шыгы бар өздөрү кызыккан окуучулар катышып жатат. Биз эч кимди мажбурлабастан, кызыккан окуучуларды катыштырып жатабыз жана конкурска 5-класстан 8-класска чейинки окуучулар өз таланттарын көрсөтүшүүдө.Мектеп ичинде да ар дайым окуучулар арасында конкурстар болуп келет.Мектепте атайын “Кыл калем” деген кружок бар.Бул кружоктон тартылган эң мыкты деңгээлдеги сүрөттөр мектептин залына илинип,ал жактан бардык окуучулар көрө алат жана сүрөттөрдүн кемчиликтерин, жакшы жактарын айтып, баа бере алышат,»-деген оюн билдирди Эгембердиев.
Конкурска катышып жаткан 8-классынын окуучусу Наргиза Орозгулова өз оюу менен бөлүштү.
“Мен азыркы учурда тартып жаткан сүрөт “Манас” эпосундагы эки балбандын салгылашып жатканын тартып жатам. Бул сүрөттү тартууга көп деле аспаптар колдонулбайт. Болгону гана кыл калемдин жана боёктун жардамы менен сүрөттү өз көркүнө чыгарып жатам,»-деп оюун айтты Наргиза.
Конкурстун дагы бир катышуучусу Жасмина Айбек кызы сүрөттү атасы тарткандыктан ал да кызыгып тартып калгандыгын айтып берди.
“Мен тартып жаткан сүрөт быйыл тарых жана маданият жылы болгондуктан тарыхка ылайыктап “Манас” эпосунан алган сүрөттөрдүү тартуудамын. Сүрөт тартып калышымдын себеби, атам сүрөт тартчу. Ал тартып жаткан кезде абдан кызыгып сүрөт тарткым келчү. Бул тилегим орундалып окууга киргенден баштап сүрөт тартып келем. Конкурска жалпысынан 7-8 окуучу 2-3 күндөн бери даярданып жатабыз. Даярдыктар абдан жакшы. Биз тарткан сүрөттөрдүн ичинен эң жакшылары тандалып районго алып барылат,”- Жасмина Айбек кызы.
Даярдагандар: Мундукова Адилия.Нуриса Максат кызы.
Сынак үчүн