“Боорукер бол”кайрымдуулук фонду өз ишин улантууда

Түп районуна караштуу Карасаев айыл аймагында экинчи жолу  кайрымдуулук иш-чара болуп өттү. Бул айыл аймакка Токтоян,Тогузбай жана Тасма айылы кирет.

 Бул иш-чаранын болушуна Токтоян айылынын тургуну жана «Боорукер бол» кайрымдуулук фондунун жетекчиси Тыныбек Зундунов биринчи жолку кайрымдуулук фондунда айтылгандай эле  бүгүнкү кайрымдуулук ишти «Боорукер бол» кайрымдуулук фонду менен биргеликте Катар өлкөсүнүн кайрымдуулук фонду уюштуруп бердиБул жолкусунда көп балалуу жана аз кандуу үй-бүлөлөргө тамак –аш жана дагы аздан кийим кечелер менен камсыздоо болду.

 

«Боорукер бол» кайрымдуулук фондунун жетекчиси ушул сыяктуу иш-чаралар мындан ары да токтобостон, уланаары тууралуу баяндап өткөндөй эле бул кайрымдуулук фонду экинчи ирет уюуштурулду.

 

 

«Бүгүнкү кайрымдуулук иш-чарга үч айылдан келген тургундар катышты. Анын ичинде мектеп жашындагы балдарга кышкы кийимдер толугу менен жана плеттер берилген бүгүнкү күнү тамак –аш менен камсыздоо ошону менен бирге көӊүл тартууло ирээтинде кичи концерттик программа уюуштурулду.Концерттик программада А.Коенкөзов орто мектебинин окуучулары катышышты”,-деп билдирди өз сөзүндө Тыныбек Зундунов.

Даярдагандар: Нурланов Канат, Уланбек уулу Султанбек

Карасаев айыл аймагында кайрымдуулук иш-чара болуп өттү

Түп районуна караштуу Карасаев айыл аймагында кайрымдуулук иш-чара болуп өттү. Бул айыл аймакка Токтоян,Тогузбай жана Тасма айылы кирет.Мынчалык чоң масштабдагы кайрымдуулук иш Ысык-Көл облусунда анын ичинде Карасаев айыл аймагында биринчи жолу болуп өттү.

Бул иш-чаранын болушуна Токтоян айылынын тургуну жана «Боорукер бол» кайрымдуулук фондунун жетекчиси Тыныбек Зундунов агабыздын эмгеги чоң. Айта кеткендейле бүгүнкү кайрымдуулук ишти «Боорукер бол» кайрымдуулук фонду менен биргеликте Катар өлкөсүнүн кайрымдуулук фонду уюштуруп берди. Бул иш-чарада үч айылдын,тагыраак айтканда Токтоян, Тогузбай, Тасма айылындагы ата-энесиз балдар, көп балалуу үй-бүлөлөр,жарды жашаган жана майып тургундарга жылуу кийим-кечектер жана атайын плеттер тапшырылды.

«Боорукер бол» кайрымдуулук фондунун жетекчиси ушул сыяктуу иш-чаралар мындан ары да токтобостон, уланаары тууралуу төмөндөгүчө айтты.

«Бүгүнкү кайрымдуулук иш-чарга үч айылдан келген тургундар катышты. Анын ичинде мектеп жашындагы балдарга кышкы кийимдер толугу менен жана плеттер берилди. Бул нерсе Катар өлкөсүнүн атайын кайрамдуулук фондунун жардамы менен уюшулду. Жана биздин фонд алар менен алдыда беш жылдык контракт түздүк. Буйруса ушул сыяктуу иш-чаралар мындан ары да токтобостон улантылат. Жекеле Түп району эмес, башка дагы район, областарга жардам берүү тууралуу пландарыбыз бар»,-деп өз сөзүндө Тыныбек Зундунов.

Карасаев айыл аймагынан жалпысынан бул кайрамдуулук белектерди алуу үчүн эки жүз алтымыш адам каралып, алардын алтымышы мектеп окуучулары.

Окуучулардын арасында Коёнкөзов мектебинтн 11-классынын окуучусу Адеми өз ою менен бөлүшө кетти.

«Бул иш-чаранын болушу менен көптөгөн тургундардын көңүлү бираз да болсо көтөрүлүп калды. Мен ушул кайрымдуулук иш-чараны уюштурган адамдарга терең ыраазычылыгымды билдирем»,-деп мектеп окуучусу.

Атайын түзүлгөн комиссиянын жардамы менен тургундар өз кезеги менен тизме боюнча тапшырылган белектерди алып, ыраазы болуу менен үйлөрүнө кайтышты.

Даярдагандар: Мундукова Адилия, Максат кызы Нуриса

«Боорукер бол» кайрымдуулук фонду

Түп районуна караштуу Токтоян айылынын тургуну Тыныбек Зундуновдун жетекчилиги менен «Боорукер бол» кайрымдуулук фонду ачылды. Бул фонд учурда Карасаев айыл өкмөтүндө,тагыраак айтканда Токтоян, Тогузбай, Тасма айылдарында өз ишин алып барып жатат. Бул фонддун максаты аз камсыз болгон үй булөлөргө, көп балалууларга жана майыптарга жардам берүү. Учурда бул фонддун 14 мүчөсү бар. Алар биргеликте өз иштерин эки айдан бери аткарып келишүүдө.

«Боорукер бол » кайрымдуулук фондунун жетекчиси Тыныбек Зундунов да учурда 3-топтогу майыптырдын катарына кирет. Ал боорукерлик адамдын жашоосундагы эң жакшы сапаттардын,кадамдардын бири экендигин айтып,жаңы ачылган бул кайрымдуулук фонд жөнүндө кененирээк маалыматты төмөндө бөлүштү.

«Биздин фонд «Бооркер бол» деп аталат. Кайрымдуулук фондду ачууну көптөн бери максат кылып келгенбиз.Ошол максатка жетип,эки ай мурун ушул кайрымдуулук фонддун ачтык. Бул фонд аркылуу биздин команда Токтоян,Тогузбай, Тасма айылындагы аз камыз болгон үй бүлөлөргө, майыптарга жана көп балалууларга жардам беребиз. Биз ачылганыбызга эки ай гана болгондуктан учурда социалдык тармактарда почтабыз жок. Бирок, фейсбук, одноклассникиде Тыныбек Зундунов аттуу өздүк почтам бар.Учурда аз болсо да бизди колдогон демөөрчүлөрүбүз табылууда.Алардын жардамы менен алгачкы кылган иштерибиздин бири Токтоян айылынын имамы Тыналиев Хамит агабыздын кайрылуусу менен мечиттин оңдоп-түзөө иштерине материалдык жактан жардам бердик. Буйруса бул фонддун дагы да болсо демөөрчүлөрү көбөйүп,алдыда көптөгөн жакшы иштерди жасайбыз деген үмүттөбүз»- деп өз сөзүндө Тыныбек Зундунов.

Эскерте кетсек каалоочу бардык адамдар бул фонддун мүчөсү болуу менен өз салымдарын кошо алышат.

Даярдаган: Абдынапыкова Айдай

Эч ким, эч нерсе унутулбайт!

Түп районуна караштуу Токтоян айылында Улуу Ата Мекендик согуштун 73 жылдыгына карата иш чаралар өткөрүлдү. Буга чейин жөн гана эскерүү кечелери, тарбиялык сааттар өтүп келсе, бул жылы 9-май Улуу Жеңиш күнүнө карата Токтоян айылынын А. Коёнкөзов атындагы мектеп окуучулары парадка басышты.


Мектеп окуучулары бул иш чарага жакшы даярданышып жана айылдын ичинде басылган бул жүрүштө алар алты чакырымча жерди басып өтүштү.

Мектеп директору Албанов Калык агай бул жүрүштүн максаты тууралуу бизге кененирээк айтып берди.

» Негизи дайым Улуу Жеңиш күнүнө карата эскерүүлөр болуп келген, бирок бул жылы мектеп окуучулары үчүн атайын «Өлбөс полк» деген жүрүш уюштурулуп, айылдын бардык негизги көчөлөрүн басып өттүк. Ар бир кийинки муун Улуу Ата Мекендик согуш тууралуу билип, биз үчүн, келечегибиз үчүн жанын берген ата, агаларыбызды унутпай, алар жөнүндө дайым эстеп, алар менен сыймыктанып жана аларды эскерүүгө тийиш»,-деп билдирди Албанов Калык.

Мектеп окуучусу Абдыкайыров Сыймык өз сөзүндө согуш ардагерлерине терең ыраазычылыгын айтып өттү.

» Өлбөс полк аттуу жүрүшкө бардыгыбыз согушта курман болгон чон ата, агаларыбыздын жана тылда кызмат кылган апаларыбыздын сүрөттөрүн көтөрүп, айылды кыдыра бастык. Бул иш чара аркылуу алардын аты эч качан унутулбайт экендигин даңазаладык. Биз үчүн курман болгон бардык согуш катышуучуларына терең таазим»,-деп Абдыкайыров.

Бардык окуучулар согушта курман болгон аталардын, агалардын жана тылда эмгектенген чон апалардын сүрөттөрүн көтөрүп, патриоттук жана эскерүү ырлардын коштоосунда жүрүштү аякташты.

Дагы бир мектеп окуучусу Максүдов Айтбек эскерүүгө арналган кече тууралуу баяндап берди.

» Биз жүрүштү аяктаган соң эскерүү кечеси болуп өттү. Бул кечеде окуучулар согуш тууралуу слайддарды көргөзүшүп, көркөм ырларды окушуп, согуш тууралуу кененирээк маалымат беришти. Ошондой эле бул кечеде Мекенге арналган ырлар, жана улуттук бийлер коштоду»,-деп мектеп окуучусу.

Токтоян айылынан согушка жүзгө жакын адам катышып, алардын көбү кайтпай калган. Учурда согуш ардагерлери жокко эсе. Бирок алардын аты, жасаган эмгектери эч качан унутулбайт!

Даярдаган: Адилия Мундукова

Эч ким, эч нерсе унутулбайт!

  1. Түп районуна караштуу Токтоян айылында Улуу Ата Мекендик согуштун 73 жылдыгына карата иш чаралар өткөрүлдү. Буга чейин жөн гана эскерүү кечелери, тарбиялык сааттар өтүп келсе, бул жылы 9-май Улуу Жеңиш күнүнө карата Токтоян айылынын А. Коёнкөзов атындагы мектеп окуучулары парадка басышты.


Мектеп окуучулары бул иш чарага жакшы даярданышып жана айылдын ичинде басылган бул жүрүштө алар алты чакырымча жерди басып өтүштү.

Мектеп директору Албанов Калык агай бул жүрүштүн максаты тууралуу бизге кененирээк айтып берди.

» Негизи дайым Улуу Жеңиш күнүнө карата эскерүүлөр болуп келген, бирок бул жылы мектеп окуучулары үчүн атайын «Өлбөс полк» деген жүрүш уюштурулуп, айылдын бардык негизги көчөлөрүн басып өттүк. Ар бир кийинки муун Улуу Ата Мекендик согуш тууралуу билип, биз үчүн, келечегибиз үчүн жанын берген ата, агаларыбызды унутпай, алар жөнүндө дайым эстеп, алар менен сыймыктанып жана аларды эскерүүгө тийиш»,-деп билдирди Албанов Калык.

Мектеп окуучусу Абдыкайыров Сыймык өз сөзүндө согуш ардагерлерине терең ыраазычылыгын айтып өттү.

» Өлбөс полк аттуу жүрүшкө бардыгыбыз согушта курман болгон чон ата, агаларыбыздын жана тылда кызмат кылган апаларыбыздын сүрөттөрүн көтөрүп, айылды кыдыра бастык. Бул иш чара аркылуу алардын аты эч качан унутулбайт экендигин даңазаладык. Биз үчүн курман болгон бардык согуш катышуучуларына терең таазим»,-деп Абдыкайыров.

Бардык окуучулар согушта курман болгон аталардын, агалардын жана тылда эмгектенген чон апалардын сүрөттөрүн көтөрүп, патриоттук жана эскерүү ырлардын коштоосунда жүрүштү аякташты.

  1. Дагы бир мектеп окуучусу Максүдов Айтбек эскерүүгө арналган кече тууралуу баяндап берди.

» Биз жүрүштү аяктаган соң эскерүү кечеси болуп өттү. Бул кечеде окуучулар согуш тууралуу слайддарды көргөзүшүп, көркөм ырларды окушуп, согуш тууралуу кененирээк маалымат беришти. Ошондой эле бул кечеде Мекенге арналган ырлар, жана улуттук бийлер коштоду»,-деп мектеп окуучусу.

Токтоян айылынан согушка жүзгө жакын адам катышып, алардын көбү кайтпай калган. Учурда согуш ардагерлери жокко эсе. Бирок алардын аты, жасаган эмгектери эч качан унутулбайт!

Даярдаган: Адилия Мундукова

Бүтүрүүчүлөрдун кесип тандоосу.

 

 А.Коёнкөзов мектебини 9- классынын окуучулары кесип тандашууда. Алардын айтымы боюнча азыркы учурда кесип тандоо кыйын болду дешүүдө.

Алардын бир нечеси менен маек куруп көрдүк.

                           

 9-класстын класс жетекчиси Мукамбетова Элмира.

”9-класс быйыл көпчүлүк окуучулар кесиптик жана орто окуу жайларды тандап атышат.Лицейлерге барышып бир кесиптин ээси болуп чыгууну каалагандар көп.9-класска келип чоңойуп бир кесипке багыт алып калышты.Өздөрү жакшы жаман жактарды түшүнүп билип калыштыетиштин.Жакшы ийгиликтерге жетишсин”-деп Элмира Мукамбетова айтып берди.
9-классынын окуучусу Исмаилова Альбина менен болгон маек төмөндөгүчө болду.
“Мен Исмаилова Альбина 9-классынын окуучусумун 9-классты аяктагандан кийин Корейский жагына тапшырып котормочу болгум келет анткени мага бул тил жагат.Мектепке да башка окуу жайлардан келишип тест алышат,жакында эле Алышпаев кесиптик лицейинен келишип тест алышты биздин класстан 18 окуучу өттү.”-деп билдирди Исмаилова.

9-классынын окуучусу Мундукова Адилия өз оюун менен төмөндөгүчө билдирди.
“ Мен азырынча кесип тандай элекмин,эгер 9-класс менен тапшырып калсам өзүмө керектүу жана пайда алып келе турган кесипти тандаарыма ишенем.Азыркы учурда “Журналист” “Юрист” “Тилчи” кесиптерине басым жасоодомун.

Майыптыгына карабастан музоонун өсүшү жакшы .

Токтоян айылында  3 ай мурда майып музоо туулуп азыркы учурда абалы жакшы.Анын башка музоолордон айырмачылыгы мойну жана буту кыйшый,бирок ошондой болсо да башка музоолорго салыштырмалуу өушү жакшы .

Азыр даарылап жатабыз деп музоонун ээси Сыдыкова Бактыгүл менен болгон маек:

“Бизде   3 ай   мурда    майып  музоо   төрөлүп   буту   жана   мойну   тубаса.

Кыйшык   болгон   майыптыгына    карабастан     учурда    башка   дени  сак   музоолор  менен бирдей   өсүдө .

мойну  жана бир   буту  кыйшыктыгына

Карабастан  башка дени   сак   музоолор менен  тең өсүп  башка  музоолордой  эле чуркайт аябай

активный.ушундай  өзгөчө туулганы менен башка музоолордон  кем   калбайт.

Калыбына келтириш  үчүн  эч  кандай  аракет кылган  жокпуз”-деп билдирди Сыдыкова .

 

Эмне себептен   мал майып болуп калышы мүмкүн экендигин айылдын мал доктуру Сүйөркул

Искаковка   кайрылдык .
“Уйлардын   ден-солугуна   байланышту   болот.Оору-сырко    уйларда   көп   болот   кышында  уйларды   тоо-токойго   айдайбыз.

Калыбына келтириши үчүн дарылоо , тамак   ашын  дурустап  берип

букаларды   ордуна   келтиртп  2 жаштан     4жашка  чейин  багыш  керек.

Кичинекей  букаларды   кошкон  туура эмес  музоолор начар   түшүп калышы мүмкүн.

операцияны  жасаш  үчун  дарылоо  кылуу  керек.

Музоонун  ээсинин  айтымында   майып  музоо ушул  калыпта  өсө берсе  операцияылынбайт.

 

Даярдаган:  Азат  Орозгулов  Канат  Нурланов    Айтбек  Дүйшөн   уулу

Редакторр:Нуриса Максат кызы.

 

Читать далее Майыптыгына карабастан музоонун өсүшү жакшы .

ARIS тарабынан салынып жаткан ФАП аяктап ачылуу аземи болду.

Бүгүн ARIS тарабынан салынып жаткан ФАП тын ачылуу аземине.ARIS жетекчилиги жана ошондой эле Айыл өкмөтү жана Айыл башчылыгы мугалимдер катышты. Андан тышкары көп жыл ФАПта иштеп эмгеги сиңген Шаршалиева Күлүйгө ыраазычылык каты тапшырылды.Жаңы салынган ФАП дал ушул медайым Шаршалиева Күлүйдүн атындагы ФАП болмокчу.

ARIS жетекчилигинен келген Джордж Уали өз сөзүндө төмөнкүлөрдү билдирди.
“Мен Кыргызстан менен иштешип келгениме 4 жылдын жүзу болду.Кыргызстан жакшы натыйжа көрсөткөндүктөн дагы деле иштешип келем ал эми бүгүнкү күнү силер долбоордон утуп алгансынар ошол себептен силерге жаңы талаптарга жооп берүүчү ФАП курулду.Ушул ФАП сиздерге жакшы кызмат көрсөтүп ден соолукта болушуңарды каалап өтөм”.— деп билдирди
Шаршалиева Күлүй өз сөзүндө..


“Мен азыр абдан кубанып отурам жаңы ФАПка менин ысымымдын аталып калышына кубанычым чексиз.Элге бираз болсо да жардамым тийгенине да кубанып отурам.Силерге ыраазычылыгым чексиз ал эми бул ФАП ак жолтой болсун.”—деп билдирди Шаршалиева.
Даярдаган:Жеңишова Айгерим.
Редактор:Нуриса Максат кызы.
Сынак үчүн.

Казылып толук бүтпөй калган каналдын тургундарга зыяны

Токтоян айылында казылып жаткан каналдын бүтпөй калышы турак-жайларга терс таасирин тийгизүүдө. Жаратылыш кырсыктарынан коргонуу маскатында бул канал салынып жатып, токтоп калган.

Токтоян айыл башчысы Албанов Атабек бул маселе тууралуу төмөндөгүлөрдү айтты.

“Биз бул маселе тууралуу 2013-жылы арыз менен МЧСге кайрылганбыз. Не себептен токтоп калганы белгисиз. Бирок буга МЧС жооптуу болот. Жаратылыш кырсыктарында сууну  тозуу максатында бул канал курула баштанган”,-деп билдирди Албанов.

IMG-20170325-WA0008

Учурда бүтпөй калган бул каналдын натыйжасында тургундардын огороддоруна суу ташкындап, күз келгенде жашылча-жемиштерине терс таасирин берип жатат.

Каналдын терс таасирин айыл тургуну Сарыбаев Асангалый баяндап берди.

“Суу толгон учурда салынып бүтпөй калган каналдан суу келип биздин огороддорду каптайт. Бул биздин жашылча-жемиштерди чирүүгө алып келип жатат”,-деп билдирди Сарыбаев Асангалый.

Дагы бир айыл тургуну Сарыбаев Улан бүтпөй калган канал тууралуу өз оюн айтты. IMG-20170325-WA0007    

“Бул канал жеке эле огородко эмес турак-жайга да осадка берип жатат. Учурда бул көйгөйгө ким жооптуу экенин билбейм жатам”,-деп билдирген айыл тургуну Сарыбаев Улан.
Даярдаган: Абдыбеков Султан
Редактор: Нуриса Максат кызы
Сынак үчүн

Жаз-жарыш

Жаз келип Токтоян айылынын тургундары тегерек-жайды тазалоо менен алек. Бирок быйылкы жаз былтыркыга салыштырмалуу кеч  келди.IMG-20170325-WA0010

Айыл тургуну Ахмет Шайыков төмөндөгүлөрдү баяндап берди.IMG-20170325-WA0006

“Учурда мен айлананы тазалап жаткан кезим. Күн ачылып, жер кургап кадимкидей жаз келгени байкалып турат. Жаз быйыл кеч келди. Ошентсе да кызыгуу менен иш үстүндөмүн”,-деп Шайыков.

Жаздын келиши тууралуу айыл тургуну Малика Турдубекова да өз оюу менен бөлүшө кетти.

“Күн өзгөчө жылуу болуп жатат. Жаз-жарыш дегендей эле баары айлананы тазалоо менен алек болушууда. Күндүн жылуулугун пайдаланып мен да айлананы тазалап жатам”,-деп өз оюу менен бөлүшкөн Малика Турдубекова.

Даярдаган: Султан Абдыбеков

Редактор: Нуриса Максат кызы

Сынак үчүн