Түп районуна караштуу Карасаев айыл аймагында экинчи жолу кайрымдуулук иш-чара болуп өттү. Бул айыл аймакка Токтоян,Тогузбай жана Тасма айылы кирет.
Бул иш-чаранын болушуна Токтоян айылынын тургуну жана «Боорукер бол» кайрымдуулук фондунун жетекчиси Тыныбек Зундунов биринчи жолку кайрымдуулук фондунда айтылгандай эле бүгүнкү кайрымдуулук ишти «Боорукер бол» кайрымдуулук фонду менен биргеликте Катар өлкөсүнүн кайрымдуулук фонду уюштуруп бердиБул жолкусунда көп балалуу жана аз кандуу үй-бүлөлөргө тамак –аш жана дагы аздан кийим кечелер менен камсыздоо болду.
«Боорукер бол» кайрымдуулук фондунун жетекчиси ушул сыяктуу иш-чаралар мындан ары да токтобостон, уланаары тууралуу баяндап өткөндөй эле бул кайрымдуулук фонду экинчи ирет уюуштурулду.
«Бүгүнкү кайрымдуулук иш-чарга үч айылдан келген тургундар катышты. Анын ичинде мектеп жашындагы балдарга кышкы кийимдер толугу менен жана плеттер берилген бүгүнкү күнү тамак –аш менен камсыздоо ошону менен бирге көӊүл тартууло ирээтинде кичи концерттик программа уюуштурулду.Концерттик программада А.Коенкөзов орто мектебинин окуучулары катышышты”,-деп билдирди өз сөзүндө Тыныбек Зундунов.
Даярдагандар: Нурланов Канат, Уланбек уулу Султанбек