Мектептин жаңы имаратынын курулушу 2014—жылы пландаштырылууда

2013-жылдын апрель айында ӨКМ тарабынан Ашырбай Коёнкөзов атындагы мектеби авариялык абалда деп табылган. Айыл өкмөтү жаңы мектеп имараты 2014-жылы курулушу мүмкүндүгүн айтты.
image

Мектептин директору Калык Албанов жыл сайын ремонт жасалып, кээ бир жерлер алмаштырылып тураарын кабарлады.

«Мектеп 1958-жылы курулгандыктан эскилиги жетти. Полдордун чириген жерлери бар», — деди директор.
image

Кайыков жаңы имаратты тургузуу үчүн 25 миллион сомдон ашуун каражат кетээрин айтты.

«2014—жылы билим берүү министирлиги аркылуу пландаштырылган», — деди айыл өкмөтү.
image

Бирок так маалымат жылдын аягында белгилүү болоорун кошумчалады.

«Быйыл чоң спорткомплекс Тогузбайда курулуп башталды […]. Эч качан жаңы стройка, бир аймакта эки курулуш башталбайт», — деди Кайыков.
image

9-класстын окуучусу Гулжан Нуркасым кызы дубалдарда жарака кетип, полдор чиригендигин айтты.

«Бизге жаңы мектеп куруп берсе жакшы болмок эле», — деди окучуу кыз.
image

Кыргыз тили мугалими Алымбек Байгашкаев мектептин имараты оор абалда болгондугун баса белгиледи.

«Бурчтар жарака, сабак учурунда кооптонуу сезими пайда болуп турат», — деди кыргыз тили мугалими.
image

Орус тили мугалими Алмагүл Отжанова кесиптешинин пикирин колдоп, жаңы мектеп керектигин айтты.

«Аябай эски мектеп. Апрель айында жер титирөө болгондо жараңкалар кетти, ӨКМ—дан келген», — деди Отжанова.
image

Авторлор: Адина Осмонова, Алишер Кудайбергенов.

Мектепте лабораториялык жабдуулар жоктугунан практикалык сабактар өткөрүлбөй калат

Класстардагы лабораториялык жабдуулардын жоктугунан практикалык сабактар толук аткарылбайт. Мектеп директору тиешелүү препараттар Орусияда өндүрүлгөндүктөн, азыркы күндө келбей калгандыгын айтты.
image

Мектеп директору жана химия мугалими Калык Албанов химиялык препараттар жетишпегендигинен лабораториялык класстар иштебей калгандыгын маалымдады.

«Анткени, бул препараттар биздин өлкө Кыргызстанда өндүрүлбөйт. Бул, Орусиядан келүүчү, мурдатан эле. Азыртадан келбей калды, ошон үчүн препарат жетишпейт. Практикалык иштерди аткарууга мүмкүнчүлүк жок», — деди Албанов.

image

Биология сабагынын мугалими Акбар Асанакунов куралдар жок болгондуктан китептер менен гана чектелгендигин айтты.

«Окуучулар кызыгып сурашат […] эң жөнөкөй эле микроскопту сурашат, айла жок көргөзө албайбыз», — деди Асанакунов.

image

Физика мугалими Алиман Шаршалиева физика сабагын оозеки түшүндүрүүгө мүмкүн эместигин айтты.

«Союздан калган приборлор бар, алар толук эмес. Приборлорду кураштырып отуруп, фронталдык кылып бирден, экиден гана өткөнгө мүмкүнчүлүк бар. 7-11-класска лабораториялык иштерди толук өтүүгө эч кандай мүмкүнчүлүк жок», — деди Шаршалиева.

image

11-класстын окуучусу Насият Таштанбекованын айтымында, лабораториялык класстын жоктугу билимди терең түшүнүүгө тоскоол болот.

«Түшүнүү оор эле болот. Эгер практикалык жүзүндө аткарсак […] жакшы түшүнмөкбүз деп ойлойм», — дейт Таштанбекова.

image

9-класстын окуучусу Жеңиш Асаналиев китептен сүрөттөр аркылуу гана окуп үйрөнүшкөндүгүн айтты.

«Эжейлерибиз жакшы болгондуктан, ошондуктан биз китептен эле окуп, түшүнүп жатабыз», — деди Асаналиев.

image

Авторлор: Муратбек Жумакадыров, Жеңиш Таштанбеков.

Жолдун начардыгынан автоунаалар бузулууда

Жолдун начардыгынан айдоочулар автоунааны ремонтто жана жаңы тетиктерди алууга көп каражат кеткендигин айтып нааразы болуушууда. Ал эми ЖЭИнин жетекчиси ремонт иштери башталгандыгын кабарлап, бирок качан бүтөөрү белгисиздигин кошумчалады.image Айдоочуларды тапкан акчасы машинанын тетиктерине кетип жаткандыгын айтып нааразы болушту.»Жолдун абалы аябай начар. Машинаны талкалап жатат. Тапкан акчанын баары запчастька кетет», — деди айдоочу Болот Абдылдаев.image «Жолубуз абдан начар. Киреше жок жалаң чыгаша.Тапкан акча бүт ремонтко кетет. Үй-бүлөөнү бакканга машинанын доходу жетпейт», — деп айтты дагы бир айдоочу Нурлан Маматкулов.image «Даң—дүң этип эптеп жетебиз», — деп айдоочу Улан Сарыбаев да жолдун начардыгын баса белгиледи.image Жолду эксплуатациялоо ишканасынын (ЖЭИ) жетекчиси Кадырбек Тургунбаев быйыл 3 км гана жол жасалгандыгын айтты.image «Жолду оңдоо бюджеттен канча акча бөлүнгөнүнө жараша жасалат», — деди Тургунбаев.Авторлор: Гүлжан Нуркасым кызы, Сыймык Максат уулу, Эмирбек Айбек уулу.